Кыргызстан Берлинде өткөн "Деликанто" фестивалына катышты

Кыргыз маданиятын жана маданий мурастарын жайылтуу долбоорунун алкагында Кыргызстан Германиянын Берлин шаарында өткөн "Деликанто" фестивалына катышты. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган фестиваль 20-22-июнь күндөрү «Дидерсдорф» ак өргөөсүндө өткөн. Ага 45тен ашык өлкө катышкан. Фестивалдын жүрүшүндө көрүүчүлөр кыргыз маданияты, Кыргызстандын жаратылышы тууралуу маалымат алышты. Мындан сырткары кыргыз ашканасы боюнча мастер-класстар өткөрүлүп, коноктор кыргыз даамын татышты. Ошондой эле фестивалдын жүрүшүндө кийизден жасалган буюмдар жана кыргыз дизайнерлери жараткан "Чапан" аталышындагы айымдар жана эркектер кийимдеринин коллекциясы көрсөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан