21-июнда Ысык-Көл облусунун Семёнов айылына караштуу Кырчын жайлоосунда “Ынтымак” курултайы өткөрүлдү. Ага Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев, Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Тербишалиев, Ысык-Көлдөн чыккан коомдук ишмерлер, академиктер, профессорлор, чыгармачыл адамдар, жазуучулар жана башка элге эмгеги сиңген инсандар катышты.
Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чараны Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы 2014-жыл - Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылынын алкагында уюштурду.
Курултай элди ынтымакка, биримдикке, достукка үндөөгө багытталган.
Иш-чарада жергиликтүү тургундар жана бийлик өкүлдөрү боз үй тигишип, кыргыз улттук оюндарын: аркан тартыш, күрөш, жаа атмай жана башкаларды уюштурушту.
Курултайда Ысык-Көлдүн экологиясы тууралуу көйгөйлөр, алсак, көлдүн жээгиндеги тазалыкты жана региондогу туруктуулукту сактоо маселелери талкууланды.
“Ар дайым элдин баалуулугу катары саналган салтты сактоо, буга чейин биздин ата-бабаларыбыз колдонуп келген жети атанын даанышман сөздөрүн эстен чыгарбоо керек”,- деп белгилешти курултайга катышкан аксакалдар.
Мындан тышкары иш-чарада театр актёрлору сахналаштырылган көрсөтүү сунушташып, эстрада артисттери чоң программадагы концерт тартуулашты.