Баткенде ажылык сапарга баруучулар чүчү кулак аркылуу тандалышты

Баткен облусунда ажылык сапарга баруучулардын квоталарын бөлүштүрүү максатында чүчү кулак өткөрүлдү. Бул туурасында бүгүн, 23-июнда Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Ага карата жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн жана аксакалдардан, ошондой эле Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктен турган атайын комиссия түзүлдү. 
Анда ажылык сапарга баруучу ар бир жаран каттоодон өтүп, чүчү кулакка катышып, кимге 2014-жыл туш келсе, ал ушу жылы, ал эми 2015-жыл туш келсе, ал ажылык сапарга 2015-жылы мусулмандык парзын аткарууга мүмкүнчүлүк алат.
Маалым болгондой, жалпысынан 61 жаран катышып, алардын 16сы 2014-жылы ажылык сапарга барууга жолдомо алышты. Ажылык сапарга баруучуларды аныктоо максатында уюштурулган чүчү кулак облустун бардык шаарларында өткөрүлмөкчү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан