Татарстандагы Нефти институту кыргызстандыктарды окууга чакырды
Татарстан Республикасындагы Альметьев мамлекеттик нефти институту
кыргызстандык мектеп бүтүрүүчүлөрүн окууга чакырды. Бул тууралуу бүгүн,
23-июнда КРнын Билим берүү жан илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
“Бул жогорку окуу жайы эл
аралык жана бирдиктүү билим берүү программасын ишке ашыруу жана
эки тараптуу кызматташуунун негизинде чакырууда. Ошондой эле аталган окуу
жай нефть тармагына кадрларды даярдап чыгарган алдынкы окуу жай”,- деп билдирет министрликтен.