Нью-Йоркто даарат кагазынан жасалган үлпөт көйнөктөрүнүн көргөзмөсү болуп өттү

Британияда эл арасында бактылуу болуу үчүн үлпөт тоюнда келин 4 нерсени кийиши керек деп айтылат. Алар: кайсы бир эски кийим, жаңы кийим, бирөөдөн сурап турган жана көк кийим. Бирок мындай ишенимдер америкалыктарды айланып өткөндөй. 
Июнь айынын ортосунда Нью-Йорк шаарында онунчу жолу үлпөт көйнөктөрүнүн, болгондо да даарат кагазынан жасалган көйнөктөрдүн көргөзмөсү болуп өттү. Бул тууралуу 21-июнда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 
Иш-чара үлпөт тойлордо кызмат көрсөтүп келген ишкана тарабынан уюштурулуп, көйнөктөрдү жасоодо даарат кагазынан сырткары клей, скотч жана жип колдонууга уруксат берилген.
Дизайнерлер үлпөт көйнөгү кандай болушу керектигин иш жүзүндө көрсөтүшүп, керек болгон аксессуарларга чейин даярдашкан. Өзгөчө татаалдыктар менен жасалган көйнөктөр сынакка коюлуп, анда 28 жаштагы Сьюзан Бреннан жеңишке жеткен. 10 миң доллар акчалай сыйлык алган Сьюзан 1 айдын ичинде 20 түрмөк даарат кагазынан үлпөт көйнөгүн жасаганын айткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aisuluu7
2014-06-23 16:16:27
"Вау" дей турган койноктор го.
0
Kara_kyrgyz
2014-06-23 16:34:02
биздеги даарат кагаздар менен тиксе драп пальто болуп калса керек ээ калын болуп
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан