Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо максатында 2013-жылдын ноябрь айында старт алган балдар жана жаштар арасында өткөн "Маданият аркылуу тынчтык" аталышындагы көркөм окуу боюнча сынак жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда "Роза Отунбаеванын демилгеси" коомдук фондунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сынактын финалына 25 катышуучу чыгып, алар көркөм окуу, оратордук жана актёрдук чеберчилик боюнча өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Жыйынтыгында калыстар тобу төмөнкүдөй жыйынтык чыгарышты:
"Өзгөчө балдар" номинациясы боюнча:
1-орун - Андрей Головин (Бишкек)
2-орун - Аскар Бектуров
3-орун - Лидия Филатова жана Адина Таласбекова
6-8 жаштагылар арасында
1-орун - Вероника Лисовская (Бишкек)
2-орун - Жоомарт Салимбаев (Бишкек) жана Муратбекова Айгерим (Ысык-Көл облусу)
3-орун - Таалайбек Азаматов (Бишкек)
9-11 жаштагылар арасында
1-орун - Урматбек кызы Мунарым (Ысык-Көл облусу)
2-орун - Любовь Лисовская (Бишкек)
3-орун - Айгерим Муратбекова (Ысык-Көл облусу)
Атайын сыйлык - Нурсулуу Айдарова (Баткен облусу) жана Сезим Дилдедосова (Баткен облусу)
12-15 жаштагылар арасында
1-орун - Эрбол Анарбеков (Жалал-Абад облусу)
2-орун - Дмитрий Сушко (Бишкек)
3-орун - Мираида Байгазиева (Бишкек)
Атайын сыйлык - Турдумамат кызы Алина (Бишкек), Майдин уулу Бакберген (Чүй облусу), Улан Марсбеков (Талас облусу) жана Токтораалы уулу Рыскелди (Бишкек)
16-18 жаштагылар арасында
1-орун - Уланмырза Карыпбаев (Бишкек)
2-орун - Биймирза уулу Азиз (Талас облусу)
3-орун - Элзар Рамисов (Бишкек)
Атайын сыйлык - Гүлдана Орозбекова (Нарын облусу) жана Алмазбек кызы Гүлнара (Ош)