Бишкекте алгачкы жолу ашпозчулардын фестивалы өтөт

29-июнда Бишкектеги соода борборлорунун биринде Кулинардык фестиваль өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда КРнын Ашпозчулар ассоциациясынын башчысы Шухрат Шарипов билдирди. 

Анын айтымында, фестивалга Бишкек шаарындагы ресторандар жана кесиптик лицейлердин жаш ашпозчулары катышат. "Фестивалдын башкы максаты - жаштарды ашпозчу кесибине тартуу, бул кесиптин баркын көтөрүү. Кулинардык фестивалды жылына 3 жолу өткөрүүнү көздөп жатабыз. Ошондой эле 2 жылда бир жолу бул фестивалды Ысык-Көлдө эл аралык масштабда өткөрүүнү пландоодобуз. 

Калыстар тобунун курамына италиялык ашпозчу, "Белла Италия" ресторанынын директору Вальтер, "Дольче Вита" ресторанынын директору Жоржио, Казакстандын ашпозчулар ассоциациясынын ашпозчусу Халмурат Нурдинов жана башка таанымал адистер кирет",- дейт Шухрат Шарипов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
akylbekkg
2014-06-23 14:45:38
Кайсы соода борборунда болоорун тактап жассаныдар жакшы болмок. Дарегин так бергиле да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан