Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракесине карата «Тоо булбулу Токтогул» аталышында Ош шаарында мектеп жана бала бакчаларда иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Саамалык акындын мурастарын келечек муундун окуп-үйрөнүүсүн өркүндөтүү, көркөм адабиятка кызыктыруу жана чыгармаларын даңазалоо максатында өткөрүлөт.
Ош шаардык билим берүү башкармалыгы чыгарган буйруктун негизинде Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракесине карата өкмөттүн «Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракеси жөнүндө» тескемеси жетекчиликке алынып, шаардагы бардык мектептерде, балдар бакчаларында мааракени өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы бекитилди.
Бекитилген план боюнча акындын 150 жылдык мааракесин пропагандалоо боюнча баннер, агитациялык баракчаларды илүү, акынга арналган залдарды, бөлмөлөрдү, мектептердин китепканаларында адабий бурч уюштуруу, Ош шаарындагы мектептер арасында «Сатылгановдун ордосу» интеллектуалдык таймашын уюштуруу, бала бакчалар арасында «Жаш комузчулар», «Бөбөктай», «Бешик ыры» сынагын өткөрүү, адабий кече, фестиваль, мугалимдер арасында тегерек стол, окуучулар арасында жат жазуу, дил баян, КВН, дебат жана ачык сааттарды өткөрүү каралган.