Бишкекте 75 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алат

Эртең, 24-июнда Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера-балет театрында 2013-2014-окуу жылын артыкчылык менен аяктаган 75 мектеп бүтүрүүчүсүнө өзгөчө үлгүдөгү аттестат тапшыруу салтанаты орун алат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти. 

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, шаардык кеңештин депутаты Марат Аманкулов, мектептин директорлору, ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр катышат.

Кошумчалай кетсек, бул жылы Бишкекте мектепти 4655 бүтүрүүчү аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан