Бүгүн, 23-июнда Жалал-Абад шаарынын мэри Муктар Арапбаев 2013-жылда Жалал-Абад шаарында аткарылган иштер туурасында маалымат берди. Мэрдин маалыматын угууга шаардык кеңештин депутаттары, аймактык башкармалыктын башчылары жана шаар тургундары катышты. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ыйгарым өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, жыйында өткөн жылы Жалал-Абаддын шаар аймагында бир топ курулуш иштери жана ар кандай эл аралык уюмдардын көмөгү менен алгылыктуу иштер колго алынганы айтылган. Ошондой эле Жалал-Абад шаарында аткарылган иштер атайын даярдалган 20 мүнөттүк тасмада көрсөтүлгөн. Анда шаардык бюджеттен каржыланган акчалар кайда жумшалганы, курулуш жана айыл чарба тармактарындагы иштер көрсөтүлгөн. 2013-жылы Жалал-Абад шаарынын киреше бөлүгү 254 384 800 сомду түзгөнү белгилүү болду.