Бишкектин Токтогул көчөсү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын Капиталдык куруу башкармалыгы бүгүн, 23-июнда билдирди.
Оңдоп-түзөө иштери Ибраимов көчөсүнөн баштап Эркиндик бульварына чейин созулат. Түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн Бишкек шаардык мэриясы жарандардан жана айдоочулардан кечирим сурайт.