Ошто «Социалдык педагог – жаңы типтеги педагог» деген аталышта семинар өттү

23-июнда Ош шаарындагы "Олимп" мектеп-гимназиясында «Социалдык педагог – жаңы типтеги педагог» деген аталышта семинар болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулчусу Салтанат Жүдөшова билдирди.
Ага Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов, шаардагы социалдык педагогдор катышты. 
Аталган семинарда социалдык педагогдордун ишмердүүлүгүн мындан ары өнүктүрүүнүн жана аз камсыз болгон социалдык жактан коргоого муктаж үй-бүлөдөгү мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын көйгөйлөрүн чечүүнүн жолдору тууралуу талкуу болду. Мындан сырткары инклюзивдик окуу жана медико-педагогикалык комиссиянын жасаган иштери боюнча маалымат берилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан