24-июнга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 470 миллион метр кубду түздү. “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы билдиргендей, суу сактагычка агып кирген суунун агымы секундасына 782 метр кубду түзүүдө. Ал эми секундасына 240 метр куб суу сарпталып жатат.
Кошумчалай кетсек, 2013-жылы 24-июнда суу сактагычтагы суунун көлөмү 13 миллиард 189 миллион метр куб болгон.