Бишкек шаарынын мэри мектепти артыкчылык менен бүтүргөн окуучуларды куттуктап, кең келечек каалады

А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында бүгүн, 24-июнда Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовдун катышуусунда мектепти артыкчылык менен бүтүргөн окуучуларды сыйлоо аземи өтүүдө. Иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов, мектеп директорлору, бүтүрүүчүлөр жана ата-энелер катышууда.
Анда шаар мэри бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, ийгилик каалап өттү: "Силер өлкө кыйын кезеңге туш болгон учурда жашоого кадам таштап жатасыңар. Бизде көп кемчиликтер бар. Коррупция, жакырчылык, укуктук сабатсыздык жана башкаларды санап отурсаң өтө эле көп. Мындай учурда биздин жалгыз үмүтүбүз жогорку деңгээлдеги билимге болгон капитал. Бизге акылдуу, күчтүү жана мээнеткеч адамдар келечекке үмүт боло алышат. Мен дал ушундай адамдардын алдында турам деп эсептейм. Ушул алтын медалдарды да талыкпас эмгек аркылуу алган деп билем".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан