Михаэль Шумахердин медициналык китепчеси уурдалды. Эми ал сатыкка коюлушу мүмкүн

Михаэль Шумахердин ооругандыгы тууралуу бүт аныктамалар жазылган медициналык китепчеси спортчу дарыланган Франциянын Гренболь клиникасынан уурдалды. Эми ал жашыруун сатыкка коюлушу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Шумахердин маалымат катчысы Сабина Кемдин билдирүүсүнө таянсак, спортчунун медициналык китепчеси 50 миң еврого сатылышы мүмкүн. ындай кадамга баруу - жеткен айбанчылык. Уурдаган адамдардан суранарым, ойлонуп иш кылгыла. Башкаларга сатып албагыла деп кеңеш берер элем. Биз алыбыздын келишинче буга чараларды көрөбүз",- дейт спортчунун маалымат катчысы.

Эске салсак, автожарыштын "Формула-1" сериясы боюнча өтүүчү Дүйнө чемпиондугунун 7 жолку чемпиону М.Шумахер 2013-жылдын декабрь айында тоодо лыжа тээп жүргөн жеринен жыгылып, комага түшүп калган.

16-июнда чет элдик маалымат булактары 5 айдан ашык убакыт бою комада жаткан германиялык автожарышчы Михаэль Шумахер комадан чыкканын жазып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан