Кытайлык аткаминер кол алдындагы кызматкеринин жонуна "мингендиги" үчүн жумуштан айдалды

Кытайдын Гуйси провинциясынын мамлекеттик кызматкери кол алдындагы жумушчусунун жонуна "минип" бараткандагы сүрөтү социалдык тармактарга чыккандан кийин жумуш ордунан кол жууп отурат. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аткаминер Кытайдын чыгышындагы суу каптоодо дайынсыз кеткен 3 жаранды издөө иштерин жетектеп барган. Сүрөткө караганда, ал бут кийимин суу кылып алуудан коркконбу, айтор, кол алдындагы бир кызматкерине өзүн көтөрттүрүп алган.  
Бул сүрөт социалдык тармактарга чыккандан кийин коом тарабынан катуу сынга алынып, мындан улам аталган шаардын администрациясы ал "чабандес" кызматкерди жумуштан алууга аргасыз болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Topchubai
2014-06-24 13:06:05
бизде да ушундай мыйзам иштесе жакшы болмок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан