Бүгүн, 24-июнда Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера-балет театрында 2013-2014-окуу жылын артыкчылык менен аяктаган 75 мектеп бүтүрүүчүсүнө өзгөчө үлгүдөгү аттестат тапшыруу салтанаты өткөрүлдү. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, вице-мэр Айгүл Рыскулова, шаардык кеңештин депутаты Марат Аманкулов, мектептин директорлору, ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр катышты. Аземдин жүрүшүндө калаа башчысы бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, аларга жаркын келечек каалады.
“Сиздер учурда жакшы каалоо-тилектерди кабыл алып жатасыздар. Бул бекеринен эмес. Балалыкты артка калтырып, турмуштун узак жолуна бет алдыңыздар. Бул жерде жаштардын элитасы турасыздар, ошондуктан сиздер менен сөзүбүз олуттуу болот. Сиздердей адамдарга чындыкты айтуу зарыл. Турмуштун чындыгы ачуу, жашоодо ийгиликке жетише албай, адилетсиздикке кабылып, кайгырган учурлар да болот. Мындай учурда күчтүү эрк, кажыбас кайрат гана бардык кыйынчылыктарды жеңе алат. Сиздер менен бирге өлкөбүз, сүйүктүү Бишкек шаарыбыз кыйынчылыктарды жеңерине ишенем”,- деп белгиледи куттуктоо сөзүндө Кубанычбек Кулматов.
“Бүгүнкү күн мен үчүн сыймык. Анткени күнү-түнү талыкпай окуган кызым өзгөчө үлгүдөгү аттестаттын ээси болуп отурат. Бул мугалимдердин талыкпас эмгегинин үзүрү. Мына ушул инсандар таланттуу, ийгиликтүү, максаттуу жаштарды тарбиялап келишет. Ошондуктан мен ардактуу кесиптин ээлери болгон мугалимдерге ыраазычылык билдиргим келет”,- дейт бүтүрүүчүнүн апасы Асел Кубанычбек кызы.
“Бизди бактылуулукка жеткирген инсандар - биздин ата-энелер жана ардактуу агай-эжелер. Биздин инсан болуп калыптануубузга алар эбегейсиз салым кошкон. Бизге берген таалим-тарбия, билим үчүн аларга абдан ыраазыбыз. Келечекке кадам таштап жатып, кийинки муундун балдарына бактылуу балалыкты, коомубуздун өнүгүп-өсүшүнө чоң салым кошуп, жаркын келечек үчүн иштээрибизге ишенебиз. Ошондой эле өзүбүздүн аракетибизди айтып кетүү керек. Бул жерде отурган ар бир окуучу 11 жыл бою өзүнүн эң жакшы сапатын көрсөтүү менен ушундай жыйынтыкка жетишишти. Урматтуу артыкчылык аттестатынын ээлери, биздин алдыбызда эң чоң жоопкерчилик турат. Ошондуктан мындан аркы жашообузда андан чоң ийгиликтерге жетишип, коомдун өнүгүшүнө салым кошкон асыл инсандардан болууга чакырам”,- деп бардык бүтүрүүчүлөрдүн атынан Бегимай Саитова куттуктап өттү.
Кошумчалай кетсек, иш-чарада чакан концерттик программа уюштурулду.