Кечээ, 23-июнда орусиялык белгилүү стилист Сергей Зверев Москванын Тверь көчөсүндө ич кийимчен басып бараткан видеосун социалдык тармактардагы өздүк баракчасына жарыялады. Аталган видеодон стилисттин жамгырда ич кийимчен эч нерседен тартынбай басып бара жатканын көрүүгө болот.
Ырчынын билдирүүсүнө таянсак, анын мындай кадамга барышына Дүйнө чемпиондугу, андагы Бельгия-Орусия мелдеши себеп болуптур. Көрсө, Сергей Зверев Орусия командасына жан тартып, "Биздикилер бул оюнда жеңишет. Эгер жеңилишсе, мен жылаңач көчөдө басам" деп мелдеше кеткен. Жыйынтыгында 1:0 эсебинде Бельгия командасы утуп, стилист жигиттик сөзүнө туруп, жылаңач көчө аралаган.
Кошумчалай кетсек, Орусиянын тайпадан чыгуусу үчүн бир катар атактуулар талкуу жүргүзүп, белгилүү баяндамачы Василий Уткин да мелдешүүгө барган. Эгер Орусия тайпадан чыкпай калса, Василий Уткин чачын кырат.