1942-жылы "Менин кызым Сэл" аттуу тасманын сүрөтчү-коюучусу
Жозеф Райтка берилген "Оскар" статуэткасы аукциондо 79 200 долларга сатылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда америкалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бул сыйлыктын ээси, сүрөтчү-коюучу Жозеф Райт 1985-жылы каза таап, статуэтка анын жээнине мураска калган. Аукцион үйүнүн башчысы анын ысымын ачыкка чыгаруудан баш тарткан.
"Аукцион үйүнүн эксперттери бул статуэтканын баасын алгач 5 миңден 30 миң долларга чейин баалашты. Аукциондун биринчи күнүндө эле статуэтканын баасы 32 миң долларга көтөрүлдү. Баасы улам өсүп отуруп, жыйынтыгнда 79 200 долларга сатылды. Мындай ири суммага сатылышы анын 1942-жылы берилгендигинде болуп жатат. Анткени Кинематография академиясы 1950-жылдан кийин берилген статуэткаларды 1 доллардан сатып алуу чечимин чыгарган. Бул чечим Жозеф Райттын статуэткасына тиешеси жок",- дейт аукцион үйүнүн жетекчиси.
Белгилей кетсек, бул статуэтканын бийиктиги - 34,3 сантиметр, салмагы - 3,9 килограмм. Алгачкы статуэткалар колодон жасалган. Учурда "Оскардын" статуэткаларын Чикагодогу "R.S.Owens&Company" компаниясы жасап, аларга 24 карат алтын жалатылат.