Баткен облусунун Кадамжай районунда 2013-2014-окуу жылында 2526 окуучу мектепти аяктап, 4 бүтүрүүчүгө артыкчылык аттестаты берилди. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнөн маалымдашты.
Анда маалым болгондой, бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшыруу аземи 23-июнь күнү болуп өттү. Жалпысынан Кадамжай районунда 82 мектеп бар.