26-июнда интернеттеги автордук укук боюнча улуттук семинар өтөт

26-июнда Бишкекте “Интернеттеги автордук укук: перспективалар жана көйгөйлөр” аттуу улуттук семинар өтөт. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын максаты - авторлордун жана интернет колдонуучулардын кызыкчылыктарынын балансын табуу. Семинарга Жогорку Кеңештин, өкмөттүн, министрликтердин өкүлдөрү жана чет өлкөлүк адистер катышмакчы.

“Кыргызстанда автордук укук маселеси курч болууда. Ошондуктан авторлордун укуктарын коргоо механизмдерин тартипке келтирүү зарыл”,- деп билдиришти мекемеден. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан