Бишкек шаарында Лев Толстой жана Бөкөнбаев көчөлөрүн оңдоо иштери уланууда. Л.Толстой көчөсүнүн Шабдан баатыр көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө иш жүрүүдө. Мэриянын билдиришинче, жолдун жалпы узундугу 1,65 чакырымды, туурасы 16 метрди түзөт. Бөкөнбаев көчөсүнүн Тынчтык проспектинен Некрасов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолууда. Узундугу - 1,58 чакырым, туурасы - 9 метр. Айта кетсек, жолдун курулушу 2014-жылдын апрель айында башталган, ушул жылдын октябрь айында бүтөрү айтылды.