Ош облусунун Алай районунда 53 мектептен 826 бүтүрүүчү аттестатка ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда Алай райондук администрациясынан
Аскар Машеров билдирди.
Анын айтымында, бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшыруу салтанаты кечээ, 23-июнда өткөн. Маалым болгондой, 2013-2014-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча артыкчылык менен 1 окуучу мектепти бүтүрүп, кызыл аттестат алды.
Ал эми Чоң-Алай районунда 398 бүтүрүүчүгө аттестат тапшырылды. Райондук администрациянын өкүлү Сапура Мамытованын айтымында, 1 окуучу артыкчылык аттестатына ээ болгон. Ал эми жалпы республикалык тестирлөөдөн 88 окуучу 105тен жогору балл алган. Айта кетсек, Чоң-Алай району боюнча 17 мектеп бар.