3-июлда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ак-Кыя айылында "Кара-Кужур кымызы" фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Фестивалдын максаты - салт-санааны жайылтуу, жайлоо туризмин өнүктүрүү, улуттук ыкма менен жасалган кымызды калыбына келтирүү.
Иш-чарада кымызды жана улуттук тамактарды жасоо технологиясы жана мастер-класстар көрсөтүлөт.