Ошто 26-июнда 18 кылмыш иши боюнча конфискацияланган, жалпы салмагы 39 килограммдан жогору баңгизат каражаты жок кылынат. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда КРнын Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Мындан тышкары "Алымбек датка" этнографиялык комплексинин аймагында «Бири-бирибизге жакын, баңгизаттан алыс» урааны алдында баңгизаттын зыяны жөнүндө ММКлар арасында сынактын жыйынтыгы чыгарылып, катышуучулар сыйланат.
Ошондой эле салтанаттуу түрдө 21-июндан 25-июнга чейин өткөрүлгөн футбол, сууда сүзүү жана теннис боюнча спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болот. Салтанаттуу иш-чара гала-концерт менен аяктайт.
Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, бир айлыктын негизги максаты жана тапшырмасы - Ош шаарындагы жаштардын арасында спортту жана дене тарбияны жайылтуу, ММКны баңгизат көйгөйүн чагылдырууга тартуу, сейрек жашоого үндөө.
Аны КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте уюштурууда.