17-18-июнда Баку шаарында Азербайжан Жазуучулар союзунун 80 жылдык мааракеси эл аралык масштабда белгиленди. Ага Түркия, АКШ, Орусия, Кыргызстан баштаган 19 мамлекеттин өкүлдөрү катышты. Жыйын баш калаанын Мамлекеттик опера жана балет театрында өтүп, Азербайжандын жана Түрк элдеринин жазуучулар бирлигинин тең төрагасы Анар Рза алып барды. Салтанат улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду бир мүнөттүк туруп эскерүүдөн соң мамлекеттик гимн ойнолуу менен ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда "Кыргызстандын жаңы адабияты" коомунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул мааракеге Кыргыз эл акыны, Түрк элдеринин жазуучулар бирлигинин тең төрагасы Омор Султанов, белгилүү акын Жедигер Саалаев жана Түрк элдеринин “Евразия” жазуучулар бирлигинин мүчөсү, жазуучу Айдарбек Сарманбетов катышып келди.
Жыйында Омор Султанов куттуктоо сөз сүйлөп, адабият жаатындагы урунттуу ойлорун ортого салды.