Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Максатбек ажы Токтомушев Москва шаарындагы аксакалдар кеңеши, кыргыз диаспораларынын лидерлери, коомдук уюмдар, кыргыз тилиндеги гезиттердин редакторлору, сатуу жана тейлөө кеңселеринин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда КРнын Муфтиятынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, бул үч саатка созулган жолугушуунун алкагында Орусия мамлекетиндеги кыргызстандыктардын негизги көйгөйлөрү болгон ажырашуу, боюнан алдыруу, өлүктү мекенине жеткирүү жана кыргыз мигранттарынын диний билимдерин жогорулатуу маселелери талкууга алынды. Мындан тышкары “Кыргызстандын муфтияты Орусия мамлекетинде эмгектенип жатышкан мекендештерибиз менен тыгыз иш алып баруусу зарыл” деген сунуштарын жолугушуунун катышуучулары баса белгилешти.
"Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев үзүрлүү эмгектенип, КРнын экономикасына өз салымдарын кошуп жатышкан мекендештерибизге ыраазычылыгын билдирип, аксакалдар кеңешинин төрагасына сыйлуу белегин тапшырды",- деп билдиришти басма сөз кызматынан.