Голландиялык компания ичин маңзат менен толтурууга ылайыкташтырып дүйнөдө биринчи жолу электрондук тамекини жасап чыкты. Бул ачылыш легалдуу деп саналгандыктан, сатыкка чыкканда эле сатып ала башташкан.
Электрондук "косяк" башка баңгизаттар менен биргеликте сатылбайт, бирок каалоочулар аны марихуана менен толтуруп, тамеки катары колдонуп башташкан. Окшоштук болушу үчүн электрондук тамекинин сыртын да маңзаттын өңүндөй жанып турган түстө чыгарышкан. Бул продукцияны чыгарган компаниянын директору Менно Контант: "Голландия жеңил баңгизаттарына болгон толеранттуу мамилеси менен белгилүү. Жаңы тамекинин пайда болушу мыйзам чегинде жүргүзүлдү",- деп билдирген.
Буга чейин компания мөмө-жемиш даамданган электрондук тамекилерди чыгарып келген. Маңзат толтурууга ылайыкташкан электрондук "косяк" аталган өлкөнүн аймагында легалдуу деп эсептелет. Голландияда 1976-жылы баңгизатты сактоого жана колдонууга уруксат берилген. Бул тууралуу 24-июнда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.