Ошто жана Бишкекте Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруу кызматынын 23 жылдыгына арналган спорттук иш-чаралар башталды

Бүгүн, 24-июнда Ош жана Бишкек шаарында 1-июлда КРнын ӨКМнын Куткаруу кызматынын 23 жылдыгын белгилөөгө карата спорттук мелдештердин салтанаттуу ачылышы өткөрүлдү. Бул тууралуу КРнын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаарында өткөрүлгөн спорттук мелдешти КРнын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев ачып, куткаруучуларга мелдеште ийгиликтерди каалады.

“Сиздерди келе жаткан 1-Июль - Куткаруучулар күнү менен чын дилимден куттуктайм. Куткаруучулук кесип күчтүүлүктү, шамдагайлыкты жана бекем ден соолукту талап кылат. Ал эми министрликтин жетекчилиги спорт менен машыгуу үчүн бардык шарттарды түзүп берүүгө даяр”,- деди министрдин орун басары.

Кошумчалай кетсек, иш-чарага Ош шаарынан 13 команда, ал эми Бишкек шаарынан 8 команда катышууда. Мелдеш 1-июлга чейин уланып, жеңүүчүлөргө баалуу белектер менен акчалай сыйлыктар тапшырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан