Бишкекте балдар жана чоңдор үчүн чакан жайкы китепкана ачылды

Бишкектеги К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасынын аймагында балдар жана чоңдор үчүн чакан жайкы китепкана аянтчасы ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда аталган китепканадан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул жайкы китепкана иш күндөрү саат 11:00-17:00гө чейин иштейт. "Китепкана аянтчасы АКШнын элчилигинин колдоосу менен ачылды. Жай мезгилинин аягына чейин иштейт. Келген балдарга чыгармаларды, жомокторду окуп беребиз, алар менен биргеликте ар кандай оюндарды ойнойбуз. Мындан сырткары окурмандарыбызга китеп жана китепкана тууралуу маалыматтарды беребиз",- деп жазылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, жайкы китепканага кирүү акысыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан