23-июнда Алай районунда КРнын мамлекеттик кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда райадминистрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, район акими Таалайбек Сарыбашов кесиптик майрамы менен куттуктап, бир катар кызматкерлерге сыйлык тапшырды. Райондук мамлекеттик администрациянын жетектөөчү адиси Аскарбек Машеров, КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын Алай райондук бөлүмүнүн башкы адиси Токтогул Бегиев, Алай райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкери Омуткан Калдыбаева жана Алай райондук паспорт-виза бөлүмүнүн башчысы Нурзат Эркинбаева район акиминин колунан Ардак грамоталарды алышты. Майрамдык салтанаттын соңунда Алай райондук маданият кызматкерлеринин концерттик программасы тартууланды.