Бүгүн, 25-июнда Ош улуттук драма театрында СССРдин Эл артисти, Кыргыз Эл сүрөтчүсү
Сүймөнкул Чокморовдун эстелигин курууга каражат топтоо үчүн элдик марафон өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Аны Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонду жергиликтүү бийликтин колдоосунда уюштурууда.