Биз социалдык тармакта

Социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге 344 майыптар коляскасы берилди

КРнын Социалдык өнүгүү министрлиги ден соолугун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 344 майыптар арабасын тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Алардын 288и чоңдор үчүн болсо, 56 коляска балдарга ылайыкталган.

Белгилүү болгондой, мурда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге коляска 7 жылга колдонууга берилсе, 2014-жылдан тартып ал көрсөткүч 5 жыл деп бекитилген. Кошумчалай кетсек, бул кызмат бекер жүргүзүлөт. Майыптарга арабаны "Протез-ортопедиялык буюмдар" республикалык бирикмеси жасайт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан