Бишкекте 7-16-июлга чейин Кыргызстандын бардык аймактарындагы 7-11-класстын окуучулары үчүн билим берүүчү лагерь уюштурулат.
Уюштуруучулардын билдиргенине караганда, “ElCampo” лагеринин максаты - Кыргызстандын өсүп келаткан жаңы муунун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү. Иш-чаранын программасында окуучуларга грант жазганды, башка маданиятты түшүнүүгө, дени сак жашоо образын, лидерлик жөндөмдү өстүрүүгө жана башкаларга үйрөтүшөт.
“Лагерь катышуучуларга өлкөнү жана дүйнөнү башка көз караш менен көрүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле өзүнүн улуу максаттарына жетүүгө мотивация болот”,- деп билдиришет уюштуруучулар.