Бишкек мэрине шаардагы токтоп турган лифттерди оңдоо сунушталды

Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында депутаттар Чыгыш-5 кичи районундагы токтоп турган 2 лифтти оңдоону Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматовго сунушташты.

Депутаттардын айтымында, эгер ушул лифттер иштебей тура берсе, жарандар мэрияга ишенбей калышат. Буга К.Кулматов: “Шаарда лифттердин көбү эскирип калган. Бул маселени карап жатабыз. Учурда 2-3 уюм менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бишкекте лифттерди оңдоочу ишкананы ачууну түзүүгө аракет көрүлүүдө. Бул маселе кымбатка түшүп жатат”,- деп жооп берди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан