Кубанычбек Кулматов: “Шаарда мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүүдө биримдик жок болууда”

Бүгүн, 25-июнда Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында аталган кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев шаардагы мыйзамсыз курулуштар боюнча маселени көтөрдү.

Анын айтымында, сейил бактардагы мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүүдө Бишкектин мэриясы эч кандай иш кылбай жатат. “Шаардык прокуратура бул боюнча кылмыш иштерин козгоп жатат. Мисалы, Тыналиев-Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде көп кабаттуу үй курулуп жатат. Неге мэрия буга көңүл бурбай жатат?”- деди ал.

Буга мэр Кубанычбек Кулматов: “Мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүүдө мэриянын башкармалыктары иштеп жатат, бирок ушул мекемелердин ортосунда биримдик жок болууда. Дүйшөмбүдөн баштап бардык мэриянын башкармалыктары жана мамлекеттик мекемелери менен рейд жүргүзөбүз”,- деп жооп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан