Бүгүн, 25-июнда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында депутат Мирлан Жээнчороев Бишкекте насыбай жана энергетикалык ичимдиктерди сатууга тыюу салууну сунуштады.
Буга вице-мэр Айгүл Рыскулова: “Эгер насыбай сатууга тыюу салсак, бул көйгөйдү мындан да курч кылып салышыбыз мүмкүн. Бул тууралуу тиешелүү долбоорлорду иштетип жатабыз. Ал эми энергетикалык ичимдиктерди сатууга тыюу сала албайбыз. Анткени Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна киргендиктен, келишимдин эрежелерин буза албайбыз”,- деп жооп берди.
Эскерте кетсек, буга чейин 2014-жылдын 18-мартында насыбай жана энергетикалык ичимдиктерди сатууга тыюу салуу маселеси көтөрүлгөн.