Кристина Орбакайтенин уулу, орусиялык ырчы Никита Пресняков менен анын келинчеги актриса, модель, казак кызы Аида Калиеванын эки ажырым жолго түшкөндүгү тууралуу маалымат социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда. Ырчынын атасы аткаруучу Владимир Пресняков уулу менен келининин эки ажырым жолго түшкөндүгү тууралуу маалымат каражаттарына берген маегинде да айтып өткөн. "Мен алардын ажырашканын 20-майда Никитанын өзүнөн уктум. Ага чейин чогуу эле ресторан, театрларга барып жүргөнбүз. Көрсө, алар март айында эле ушундай кадамга барууну чечишкен экен. Никита мени тарткан, көп ачыла бербейт. Эмнеге анысын 2 ай ачыкка чыгарышпады, билбейм. Никита Аиданы аябай жакшы көрчү. Акыркы убакта ал чыгармачылыкка баш-оту менен киришип, өзүн мыкты деңгээлде көрсөтүүдө. Албетте, уулумдун жетишкендиги мени кубантат. Бирок жеке жашоосунда мындай окуяга кабылышы мени кайгыртпай койбойт. Менимче, чыгармачылыгы жеке жашоосуна кедергисин тийгизип койду көрүнөт. Анткени Никита жаңы долбоорго катышып, клиптерди тарттырып, кээде үйгө да келбей калып жаткан. Аида уулумдун жумуш убактысын туура кабыл ала албады окшойт",- деп маалымат берген.
Ал эми Никитанын башка кыз менен сүйлөшүп жаткандыгы, экөөнүн чогуу түшкөн сүрөтүнүн социалдык тармактарга чыккандыгы тууралуу маалыматка "Мен деле бирөөлөр менен түшкөн сүрөттөрүмдү чыгарам. Билишимче, ал кыз Никитанын курбусу" деген жооп узаткан.
Азырынча Никита Пресняков бул маалымат боюнча эч кандай комментарий бере элек. Бирок Аида Калиева жеке баракчасына "Мени колдогонуңуздар үчүн рахмат! Бирок менин санаа тартып жатканымды кайдан билесиздер? Тескерисинче, мен мындай окуядан кийин күчтөнөм деген ойдомун" деген билдирүүсүн калтырган.