Жаманкул Жунусов: "Нарын абагында 11 күндөн бери ачкачылык акциясын улантып жаткандардын абалы оор"

Нарын абагында 11 күндөн бери ачкачылык акциясын улантып жатышкан Эсенгул Карагулов менен Эраж Кумарбековдун учурда абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда айыпталып жаткан 2 жарандын жактоочусу Жаманкул Жунусов маалымат жыйынында билдирди.

"Жумгал районунда "милиция кызматкерлерине май чачып өрттөгөн" деген жалган жалаа менен айыпталып жаткандардын учурда абалы оор. Алардын кан басымы төмөндөп, ден соолугу начарлоодо. Биздин талабыбыз: аларды эркиндикке чыгарып, айыпты алып салышсын. Жалган жалаа коюшкан милициянын жетекчилери, тергөөчүлөр кылмыш жообуна тартылышсын. Ошол окуяны башынан баштап иликтеп чыгуу үчүн комиссия түзүп, ким күнөөлүү экенин далилдешсин. Айыпталып жаткандар мыйзамды жакшы билгендиктен, элди козутуп кайра көтөрүп чыгат деп коркуп камап коюшту”,- дейт Жаманкул Жунусов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан