Баткен облусунун район-шаарларынан 25 бала Тажикстандын Кайраккум шаарындагы «Шахин» балдар эс алуу борборуна эс алуу үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Анда маалым болгондой, кыргыз, тажик ортосундагы достукту чыңдоо максатында КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана Тажикстандын Согдий облусунун башкармалыгынын демилгеси менен жыл сайын мектеп окуучулары үчүн эс алуу борборуна акысыз жолдомолор берилип келет.