26-27-июнда Бишкекте “Кыргызстандын миң жылдыгындагы максатка жетүүгө ташталган кадамдар” аттуу илимий-практикалык форум өткөрүлөт. Бул тууралуу КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Форумда Кыргызстандын аймактарындагы перинаталдык жардам, перинаталдык акушердиктеги көйгөйлөр, кош бойлуулуктун жана төрөттүн рационалдуулугуна өзгөчө көңүл бурулат. Мындан тышкары балдардын жана аялдардын тамак-аш маселеси каралат. Анткени оору жана өлүм рационалдуу эмес тамактануудан келип чыгууда.
Иш-чаранын максаты - энелердин жана балдардын ден соолугун коргоо.
Форумга саламаттыкты сактоодогу облустук координаторлор, практикадагы врачтар, алдынкы окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, Германия, Латвия, Өзбекстан, Орусиянын адистери катышышат.