Нарын облусунда кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” бажы пунктун оңдоп-түзөө иштери боюнча коомдук угуу өткөрүлдү

Нарын облусунда 24-июнда кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” бажы пунктун оңдоп-түзөө иштери боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

"Ош облусунун "Эркеч-Там" жана Нарын облусунун "Торугарт" чек ара көзөмөлдөө жана бажы пункттарына   учурдун талабына жооп берген имараттарды курууга 2009-жылы Кытай Эл Республикасынын Коргоо министрлиги 42 миллион юань (336 миллион сом) гранттык колдоо бөлгөн. Курулуш иштери жаңы башталып жатканда "чек ара бери жылып жатыптыр, ары жагы кытайлыктарга ижарага берилет экен" деген имиштер менен ат-башылыктар ошол эле жылы бажы пунктун салдырбай коюшкан. Бул маселе убагында туура эмес маалыматтардан улам токтоп калган. Бул ирет биз имаратты Торугарт аймагындагы эски имараттын жанына салалы деп жатабыз. Мында эч кандай маселе жок, чек ара көзөмөл пункту бажы кызматы жана башка тиешелүү кызматтар ошол жерде жүргүзүлөт. Андыктан бул маселе боюнча дагы туура эмес түшүнүктөр жаралбаш үчүн сиздер менен акылдашып, аны ортого салып, сунуш-пикирлерди угалы деп келдик",- деп билдирди Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан