Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин "Манас" социалдык айылынын 10 жылдыгы белгиленди

Кечээ, 25-июнда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин “Манас” социалдык айылынын 10 жылдыгы белгиленди. Иш-чарага КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

Бул тууралуу КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.   

“Кыргызстанда 26 миң ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала жашайт, андыктан биздин мекеме аларга коомдо өз ордун табууга көмөк көрсөтүүнү башкы максат кылат”,- деп билдирген Кудайберген Базарбаев.

“Манас” социалдык айылы” коомдук бирикмеси – коммерциялык эмес калыбына келтирүү уюму. Негизги максаты – мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарды, алардын социалдык калыптануусун, тарбиясын, окуу, эмгектенүү, чарбачылык жүргүзүүсүн камсыздаган толук кандуу жашоого кайтаруу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан