Бишкекте 38 мектепте балдар үчүн жайкы эс алуу жайлары уюштурулду

“2014-жылы Бишкек шаары боюнча 38 мектепте балдар үчүн жайкы эс алуу жайлары уюштурулду”,- деди бүгүн, 25-июнда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында Бишкектин вице-мэри Айгүл Рыскулова.

Анын айтымында, ушул жайда жалпысынан Бишкектеги мектептерде 2530 бала эс алат. “Бардык мектептерде мэрия тарабынан түзүлгөн комиссия текшерүүлөрдү жүргүзгөн. Айрым мектептерде кемчиликтер табылып, алар тез арада жоюлган. Балдар үчүн тамак-ашка керектүү акча каражат бөлүнгөн”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан