Бул жылы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 400 бала Ысык-Көлдөгү лагерде эс алат. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында шаардын вице-мэри Айгүл Рыскулова билдирди.
Анын айтымында, эгер буга чейин жыл сайын жайкы эс алууга 1,5 миллион сом бөлүнсө, быйыл 2,5 миллион сом каралды. “27-июнда эс алуучу лагерлер боюнча тендер өтөт. Ага 4-5 лагерь катышат. Айта кетсем, бир балага 12 күндүк эс алууга 5500 сом каралды. Балдар июль, август айларында лагерге барышат”,- деди вице-мэр.