Жалал-Абадда Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракеси белгиленди

25-июнда Жалал-Абад шаардык мэриясынын чоң жыйындар залында Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ага мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, шаар тургундары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Токтогул Сатылгановдун ырлары жандуу ырдалып, келген конокторго тартууланды. Вице-мэр Тайырбек Чойбековдун айтымында, улуу акындын 150 жылдыгына арналган бир айлык жүрүп жатат. Учурда Барпы театрында бул иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүүгө даярдык көрүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан