Бишкек шаарынын Ленин району сууга түшүү сезонун ачып берди

Борбор шаардын Ленин району кечээ, 25-июнда сууга түшүү сезонун ачып берди. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети эс алуучу жайлардын биринде уюштурган иш-чарага 150 бала жана өспүрүм катышкан. “Жакынкы аралыкта шаардын калган үч районунда да сууга түшүүчү жайлары ачылат. Ал жерлерде балдар жайкы каникулун кызыктуу өткөрө алышат”,- деп билдирди аталган комитеттин төрагасы Шейшенкул Бакиров.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан