18-июндан 18-июлга чейин Бишкектеги Киев көчөсүнүн жабылганына байланыштуу транспорттук каттамдардын схемасы өзгөртүлдү. Алсак, 103, 104, 107, 129, 135, 136, 143, 150, 154, 164, 170, 192, 199, 212, 216, 219, 224, 225, 227, 240, 243, 254, 258, 260, 262, 222-кичи автобус каттамдары убактылуу Тоголок Молдо, Исанов, Чүй, Манас көчөлөрүнө которулду. Ал эми №7-троллейбустун маршруту кыскартылган схема боюнча жүрөт: Ак-Өргөө – "Ош базары", Туңгуч кичи району – цирк.