АКШнын соту “Бостон шаарында өткөн марафон учурундагы террордук чабуулга тиешеси бар” деп айыпталган кыргызстандык 23 жаштагы Хайрулложон Матановду күрөөгө бошотпой койду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, судья Мэриэнн Боулер “чет мамлекеттерде Х.Матановдун туугандары жана достору бар болгондуктан, ал АКШдан качып кетиши мүмкүн” деген коркунуч менен аны камакта калтырды.
Дүйшөмбүдө өткөн соттук отурумдун жүрүшүндө Матановдун жактоочусу Эдвард Хейдендин айтымында, анын кардары полицияга өзү келип, Царнаев менен тааныш экенин билдирген. Ал эми прокурорлор “Матанов полицияга аргасыз келген” деп айтышууда.