Экологиялык-техникалык инспекция: “Кыргызстанда жеке ишканаларды текшерүүлөр 3 эсе азайды”

2008-жылдан тарта жүргүзүлгөн реформалардын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда инспекторлор тарабынан текшерүүлөр 3 эсе азайды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда маалымат жыйынында КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Экологиялык-техникалык мамлекеттик инспекциянын Аналитикалык жана уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Даурбек Сакыев билдирди.

Анын айтымында, жеке ишкерликти коргоо максатында 2011-жылы "Текшерүүлөр жөнүндө" мыйзам кабыл алынган. "Бул демилге "Инвестициялык климатты жакшыртуу" долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат. Долбоор Швейцария жана Улуу Британия тарабынан каржыланууда",- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан